super.kg logo
  Саясат  

Жети-Өгүз районунун акими: "УКМКнын балдарын митингчилер клубга сүйрөп киришип сабап салышты"

 

28-октябрда Саруу айылында митингчилер тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 3 кызматкеринин сабалышы боюнча Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров буларды билдирди: "Саруулуктар "Кумтөр" боюнча айтылган талаптардын аткарылышы кандай жүрүп жатканына жооп беришимди сурашып, мени айылга чакырышты. Бардым. Клубда 120дай адам бар болчу. Мен элди сабырдуулукка чакырып, кышында митингдерге чыкпасын, "Кумтөр" маселеси акырындан чечилип бара жатканын айтып жаткам. Бир пикирге келип баратканбыз.  

Саат 15:30дар чамасында бир топ митингчилер 3 баланы жыйын өтүп жаткан клубга сүйрөп киришти. Ошол жерден эле алардын уюлдук телефонун, тапанчаларын алышып катуу сабап салышты. Айлам кетип топтолгон элдин тилин таап, ажыратып калууга жетиштим. УКМКнын 3 кызматкеринин бири катуу сабалды, "Тез жардам" кызматы келип алгачкы медициналык жардамды көрсөттү. Ага чейин саруулуктар "айылга милиция кызматкерлерин киргизбеңиз, ар кандай окуялар болуп кетпесин" деп менден өтүнүшкөн эле. Кийин укук коргоо органдары келип токмоктолгондорду алып кетишти".  

Айта кетсек, аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан 341-берене боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: