"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов абактан чыкты
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов абактан чыкты. SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыкты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
2019-жылы 9-апрелден 10-апрелге караган түнү саат 01:45 чамасында Бишкектеги №2 төрөт үйүнө эс-учун жоготкон абалда 2 жаран жеткирилген. Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барган. Анда №2 төрөт үйүнүн эшигинин алдына белгисиз жарандар катуу сабалган 2 жаранды таштап кетишкени белгилүү болгон. Алар кийин каза болушкан.
Бул кылмышка шектелип Чүй облусунун 1984-жылы туулган Т.М. жана 1981-жылы туулган А.И. аттуу тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маалымат боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Мурда бир нече жолу соттолушкан. Ошондой эле бул окуя боюнча 11-апрелде криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чыңгыз Жумагулов Бишкек шаарынан кармалган.
Ал эми 2020-жылы судья Адылбек Эсенбаев аны 5 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен чогуу бул кылмышка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, мурда бир нече жолу соттолгон Марсбек.Т. менен Ильяс.А. да айыпталып жаткан. Сот аларды 13 жылдан камакка алган.



Бул ШОУ!!! Бийликтин спектакли. Ташиев камады, Ташиев кыйратты деп катуу реклама кетет. Анан 1-2 ай отуп эле акырын бошоп кетишет, бошогонун акырын шыбырап жазып коюшат, кармаганда окуруп кайра кайра сайрап жаткан КТРК ж.б. айтпайт дагы мындайда.
Кыскасы, Раим биротоло азат болду, Сарпашев уй камагында, Камчы Колбаев азат ал да. Айтор криминалы да, коррупционерлери да эркиндикке чыгы
Кыскасы, ДАКАНСАЛАР кол чаап журо берсин. Карапайым эл озу менен озу. Дуйнодо жок кымбатчылык бизде болуп жатса да (бийлик инфляцияны 6% дейт уялбай, 50-80% болуп турса), эл озу менен озу, элди мигранттар багып жатат. Элди ойлобогон бийликтин да куну бутот жакында.