super.kg logo

Таштанды челектерди өрттөп, фонтанга секирип... Миланда Италиянын футболдогу жеңишин майрамдоо учурунда 15 адам жаракат алды

 

Италиянын Милан шаарында 15 адам жаракат алып, алардын үчөө ооруканага жаткырылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, футбол боюнча Европа чемпиондугунда Италиянын жеңишке жетиши Апеннин жарым аралындагы күйөрмандардын өзгөчө эмоцияларын жаратты. Майрамдоо акыркы айып соккудан кийин башталып, Римде, Миланда, Неаполдо жана башка шаарларда жүздөгөн фейерверктерди жардырышкан. Ал эми түндө күйөрмандар алган жаракаттардын көпчүлүгүнө фейерверктердин жарылышы себеп болгон.

Жаракат алган жарандын бирине бир нече манжаларын кесүү керек болсо (петарддын жарылуусунан кийин), дагы бир жигит курсагынан жаракат алган, ал эми үчүнчүсүнүн үстүнө көчө тосмосу кулап түшүп басып калган.

Миландагы түнкү майрамдоо таштанды челектерди өрттөө жана каналдарга жуунуу менен коштолгон. Күйөрмандар трамвайлардын үстүнө чыгып, фонтанга секиришкен. Мындай учур бир нече шаарларда Римде, Неаполдо жана башка шааарларда катталган.






Италия курамасы жеңиш менен "үйүнө" кайтып келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: