super.kg logo

“О!Деньги” капчыгындагы каражаттарды О!Store тармактарынан комиссиясыз накталай алыңыз

 

О! Мобилдик оператору “Мой О!” тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн уникалдуу кызматты ишке киргизип, кардарлардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда.

“О!Деньги” электрондук капчыгынан каражаттарды накталай алуу, банк карталарынын жардамы менен гана эмес, О!Store дүкөндөрүнүн кеңири тармагы аркылуу алууга жол ачты. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстандагы алгачкы кызмат.

Жаңы кызмат капчыктагы каражаттарды бир нече мүнөттө жана комиссиясыз алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал үчүн паспорт гана керектелет. Мында белгилеп кетерибиз, жакын жайгашкан кеңсени табуу, сизге эч кыйынчылык жаратпайт. Анткени О!Store тармагынын 100дөн ашык дүкөндөрү өлкөнүн бардык аймактарында орун алган.

Тиркеме жөнүндө

“Мой О!” тиркемесин көчүрүп алуу 2 миллиондон ашып, Кыргызстандагы бирден бир популярдуу тиркемелерден болуп калды. О! абонентинин жеке кабинети номерди башкарууга жардам берсе, ал эми “О!Деньги” капчыгы көз ирмемде каражаттарды капчыктарга жана карталарга которууга, телефондун балансынан 900дөн ашык кызматтарды аралыктан төлөөгө, электрондук капчыкты же ага кошулган карталарды толуктоого мүмкүнчүлүк берди.

“Мой О!” тиркемесин Google Play же App Store шилтемелеринен көчүрүп алыңыз.

Каражаттарды накталай алуу “О!Деньги” капчыгындагы электрондук акчалар үчүн гана жеткиликтүү.

“О!Деньги” электрондук акчаларынын эмитенти - “Дос-Кредобанк” ААК, КРУБ лицензиясы: №037

“О!Деньги” кызматы “Грин Телеком Сервис” ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары:№2021030817, №3022030817.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: