super.kg logo
  Саясат  

Сарууда сабалган УКМКнын кызматкерлери айылга кудасынан акча алуу үчүн барганын айтышты

 

Белгилүү болгондой, 28-октябрда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 3 кызматкери жергиликтүү тургундар тарабынан сабалып, учурда бирөөсү ооруканада. Окуя саруулуктар район акими менен жолугушуу өткөрүп жаткан учурда болду. УКМКнын балдары Сарууга эмне үчүн барышканын Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров билдирди.  

"УКМКнын балдары сабалгандан кийин сурадык, Сарууга эмнеге барышканын. Алардын бири айылга кудасынан карызын өндүргөнү эки досун кошуп барганын айтты. Жолдо унаасы бузулуп, уста издеп жүрүп айылдык балдарга жолугуп калыптыр. Жергиликтүү балдар документтерин текшерип, алардын коопсуздук кызматкерлери экенин билгенден кийин токмоктоп салышты",- дейт Моңолдоров.  

Акимдин айтымында, азыркы тапта Саруу айылына чоочун адамдардын кириши кооптуу. Анткени айылдагы жаштар агрессивдүү, ар бир бейтааныш адамга шекшип мамиле жасап жатышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: