super.kg logo

Нарында "Нелегал" аттуу рейддик иш-чара өткөрүлдү

 

5-июлдан 12-июлга чейин Нарын облусунун аймагында “Нелегал” шарттуу аталыштагы рейддик иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

"Иш-чарага Нарын ОИИБинин тиешелүү кызматтарынын кызматкерлери тартылып, облус аймагында мыйзамсыз миграция каналдарды уюштуруу, чет элдик жумушчу күчтү мыйзамсыз тартуу, чет өлкөлүк жарандардын (жарандыгы жок адамдардын) каттоо тартибин бузуу, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Кыргыз өлкөсүндө эмгектик ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуу фактыларын жана башка миграцияны көзөмөлдөөчү мыйзам, укук-ченемдик актылардын талаптарын бузуу фактыларын алдын алуу, эскертүү, ашкерелөө жана мыйзамдуу чараларды көрүүгө багытталган иштер аткарылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча 2 факты аныкталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 108-берененин негизинде каттоого алынып, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары чет өлкөлүк жарандардын (жарандыгы жок адамдардын) каттоо тартибин бузуу боюнча 7 факты аныкталып, Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.07.2021. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен учун кутулбогон жанылык))
Биздин Кыргызстанда да Нелегал Рейд журсо, анда жакшы го.
Айтайын дегеним: Чёт жакка чыгып иштоого мумкунчулугу жок жердештерим ошол Нелегалдардын ордунда жумуш иштеп акча тапканы кубантат))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: