super.kg logo
  Спорт  

"Евро-2020": Италияда жеңишти майрамдоо учурунда бир нече адам каза болду

 

Футбол боюнча Европа чемпиону аталган Италия курамасынын жеңишин майрамдоо учурунда Италияда бир нече адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, финал болгон түнү Катания провинциясында жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы бала каза болуп, дагы төртөө жаракат алышкан. Алардын бардыгы Италия курама командасынын жеңишин майрамдоо үчүн бара жатышкан. Фодж провинциясында скутер айдап бара жаткан 32 жаштагы адам жеңишти майрамдап жаткан адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ошондой эле Венецияда каналдын биринен орто жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Полиция белгисиз адамдын өлүмү Италия курама командасынын финалдагы жеңишин массалык майрамдоо менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Мындан тышкары, Италиянын ар кайсы шаарларында массалык майрамдоодон жаракат алгандар көп экени айтылды.

Бүгүн, 12-июлга караган күнү түндө өткөн финалдык беттеште Италия Англияны пенальтилер сериясында утуп, тарыхында экинчи ирет Европа чемпиону аталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: