Аксыда сел агызып кеткен 2 адамды издөө иштери бүгүн улантылат
Бүгүн, 13-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында сел агызып кеткен 2 адамды издөө иштери улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты. Маалыматта айтылгандай, кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну 2016-жылы туулган (аты-жөнү такталууда) жана 7 жаранды (аты-жөнү такталууда) сел агызып, ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринен 6 адамдын (2 эркек, 4 аял киши) жансыз денелери табылып, сел калдыктарынан алып чыгарылган.
"Калган 2 адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 01:25те издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 13-июлда издөө иштери улантылат.
Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп 9 адамдын каза болгондугун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун айтып берген. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел 7 адамды агызып кеткенин, 3 адамдын сөөгү табылганын маалымдаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















