Бишкекте калкты эмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө видео роликке онлайн сынак жарыяланды
Бишкектин Свердлов акимиаты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө мыкты видео роликке онлайн сынак жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, райондук онлайн сынак 12-июлдан баштап 16-июль саат 15:00гө чейин уланат. Жеңүүчүлөр добуштарды (лайктарды) эсептөө менен аныкталат. Жеңүүчү эң көп жактыруунун негизинде тандалат.
Сынакка каалаган адам катыша алат. Видеолор WhatsApp: 0700600634 жеке билдирүүлөрүнө тиркеме катары кабыл алынып, Свердлов райондук администрациясынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.