super.kg logo

Аксыдагы сел: "6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда" дейт Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы

 

Бүгүн, 13-июлда сел агызып кеткен жайларды тазалоо иштери менен бирге 6 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Эламан Кочкорбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ ойго келбеген окуя болду. Эки айыл өкмөт үчүн тең оор жоготуу болду. Жаратылыш кырсыгына эч ким туруштук бере албай калат экен. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнөн 6 жаштагы бала агып кетип, азыр издөө иштери уланып жатат. Сел агызып кеткен жайларды тазалоо иштери жергиликтүү тургундар тарабынан жүрүүдө. Жайлоодогу тургундарыбызды дагы тактап жатабыз", - дейт Кочкорбаев.

Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адамдын көз жумуп, алардын алтоосунун сөөгү табылгандыгын билдирген. Ал эми SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 9 адамдын каза болгондугун айтып берген.






Аксыдагы сел777

Аксыдагы сел 888

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: