super.kg logo

"Керемет Банктан" акция: "Көбүрөөк % + көбүрөөк мүмкүнчүлүк!". Ошондой эле сансыз белектер!

 

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн 30 жылдык мааракесине байланыштуу "Керемет Банктын" аманатчылары үчүн бонустук пайыздарды жана белектерди алууга эң сонун мүмкүнчүлүктөр бар!

"Керемет Банкта" "Көбүрөөк % + көбүрөөк мүмкүнчүлүк!" аталышындагы майрамдык аманат акциясы башталды, анын жылдык максималдуу чени - 13%га чейин.

Акциянын шартына ылайык, 2021-жылдын 31-октябрына чейин өз каражаттарын 12 ай жана андан көбүрөөк мөөнөт менен "Керемет Банктагы" аманат салымдарына жайгаштырышкан бардык аманатчылар төмөнкү өндүрүмдөр боюнча соңку пайыздык чендерине карата кошумча пайыздарды алышат:

+1% "Корпоративдик", "Мөөнөттүү", "Топтомо" (капиталдаштыруу менен), "Топтомо" (капиталдаштыруусуз).
+2% "Пенсиялык сактык".

"Көбүрөөк % + көбүрөөк мүмкүнчүлүк!" акциясынын жаңыланган пайыздык чендери менен Банктын сайтынан төмөнкү шилтемеден таанышууга болот.


Акцияга пандемия шарттарында коопсуз жана ыкчам деп саналган мобилдүү жана интернет-банкинг аркылуу дистанттык түрдө ачылган аманаттар дагы катышып жаткандыгын белгилей кетүү абзел.


Майрамды белексиз элестетүү мүмкүн эмес! Акциянын алкагында «Керемет Банк» ААКда аманат ачышкан юридикалык жана жеке жактар банктын белектерине ээ болушат:

10 000 сомдон ашык калдык суммасына күн сайын 4% жылдык чегерүүлөр каралган жана тейлөө үчүн жеңилдетилген тарифтерге, ошондой эле 1 000 сомдук баланска ээ Union Pay Gold премиялык карталары – биринчи кайрылган жана 5-июлдан тартып 4-августка чейин аманат салышкан 30 аманатчы үчүн.
5-августан 4-сентябрга чейинки мезгил аралыгында биринчи болуп аманат ачышкан 30 аманатчы үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү суммага концеляриялык товарларды сатып алуу үчүн сертификаттар.
5-сентябрдан тартып 4-октябрга чейинки мезгил аралыгында биринчи болуп аманат ачышкан 30 аманатчы үчүн «Керемет Банктан» суу үчүн саркеч фляшка.

Атайын сунуш 2021-жылдын 31-октябрын кошо алганда «Керемет Банктын» бардык филиалдары менен сактык кассаларында аракеттенет.

Акциянын шарттары тууралуу кеңири маалыматты банктын тейлөө түйүндөрүнөн жана төмөнкү телефондор аркылуу күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордон: 0(312) 55 44 44 же (0 557) 55 44 44 - WhatsApp, ошондой эле социалдык тармактар менен банктын сайтынан алууга болот.

«Керемет Банк» – БАНК ВОЗМОЖНОСТЕЙ! «Керемет Банк» – ИЙГИЛИККЕ САПАРЛАШ!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: