super.kg logo

Ковид-19 учурунда балдарды кантип коргоо керек? Адистен кеңештер

 

Учурда өлкөдө коронавирустук инфекциянын ылдам өсүшү уланууда. Андыктан инфекциянын алдын алуу, анын ичинде балдар үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гульзат Маймерова бирифинг учурунда билдирди.

Маймерованын айтымында, эмдөө жана жеке гигиенага үйрөтүү өлкөдөгү жарандардын ден соолугун камсыз кылуунун маанилүү аспектилери болуп саналат. Жаш балдарга учурдагы кырдаал жөнүндө туура түшүндүрүү жана балдарды вирустан коргоо чараларын ар бир чоң кишинин алдында милдет болуп турат.

Коронавирустун алдын алуу үчүн:

* Чектөө иш-чараларынын мезгилинде балдардын байланышын мүмкүн болушунча жокко чыгаруу же чектөө керек;

* Инфекция коркунучун минималдаштыруу үчүн балдар үйдө болушу шарт;

* Бөлмөнү дайыма желдетип туруу зарыл, күнүнө жок дегенде 1 жолу дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү керек;

* Мүмкүн болсо ар кандай мекемелерге, коомдук тамактануу жайларына, соода, билим берүү жана көңүл ачуу борборлоруна, ошондой эле коомдук пайдалануунун башка жерлерге барууну жокко чыгарыңыз;

* Балдарга манжаларын оозуна салбоо, бетине жана мурунга тийбөө, көзүн сүртпөө керектигин түшүндүрүү зарыл, мунун бардыгы – инфекциянын жайылышына кошумча фактор;

* Балдарды жаш кезинен баштап жеке гигиена эрежелерин сактоого үйрөтүңүз.

* Сейилдөөдөн кийин ойноп, тамактанардын алдында жана дааратканадан кийин колуңузду самындап жууңуз. Колдун кири инфекциянын же оорунун булагы болуп калышы мүмкүн экендигин балдарга түшүндүрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: