Таң эрте Кадамжайдагы базардан өрт чыгып, 2 сааттан кийин толук өчүрүлдү. Бул убакта эмнелер күйдү?
Баткен облусунун Кадамжай районунда Халмион базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Халмион айылындагы Халмион базарынын аймагында бүгүн, 13-июль күнү саат 07:05 чамасында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылып, саат 08:30да өрт чектөөгө алынып, 09:15те өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, курулуш каражаттары сатылган контейнердин 432 чарчы метри күйгөн, жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.