Жасалма комада жаткан ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап кеткени айтылды
Жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап кетти. Бул тууралуу ырчы дарыланып жаткан ооруканадагы өздүк булактарына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта, комада жаткан ырчынын денеси каны менен ууланган. Мындан тышкары, анын өпкөсүндө ириңдүү-сезгенүү процесси болгон. Учурда дарыгерлер ырчынын абалын турукташтыруу үчүн болгон аракетин көрүп жатканы айтылды.
Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:49
2025-07-03
13:36
2025-07-03
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.