super.kg logo

"Талибан" кыймылы Түркияга катуу эскертүү бергенин жарыялады

 

"Талибан" кыймылы түркиялык аскерлердин Ооганстанда болушу жөнүндө расмий билдирүү таратты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

"АКШнын өтүнүчү жана чечими боюнча Түркия биздин өлкөгө каршы агрессияны уланта бериши бизде жек көрүүчүлүктү жана кастыкты жаратып, эки тараптуу мамилелерге зыян келтирет. Түркиянын жетекчилигинин чечими биздин эгемендүүлүгүбүздү жана аймактык бүтүндүгүбүздү одоно бузуу болуп саналат жана биздин улуттук кызыкчылыктарга каршы келет. Биз түрк чиновниктерин эки мамлекетке тең зыян келтирген чечимин жокко чыгарууга чакырабыз. Кандайдыр бир шылтоо менен чет элдик аскерлердин Ооганстанда болушун биз басып алуу деп эсептейбиз. Ошондуктан, биз баскынчыларга каршы күрөшүүгө даярбыз", - деп билдирүү жасаган "Талибан" кыймылы.

"Талибандын" өкүлдөрү ошондой эле Түркия өз чечимин жокко чыгарбаса, бардык жоопкерчилик башкалардын ишине кийлигишип, ойлонбогон чечимдерди кабыл алгандарга жүктөлөрүн билдирген.

Июнь айында кыймылдын өкүлдөрү Түркия АКШ менен "Талибандын" ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек экендигин билдиришкен. Өз кезегинде Түркия Кабулдагы эл аралык аэропортто көзөмөл жана коопсуздук үчүн өз аскерлерин таштап кетерин жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
14.07.2021. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
бул Шоуну тиги Америка кылып жатат. мусулман менен мусулмандарды кырылыштырып
14.07.2021. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Asmat84, Ооба, ИГИЛ ТАЛИБАН АЛКАИДА булар бүт акшнын иттери. Акш өзү эле спектакль койуп жатат...
14.07.2021. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84,ошондо булар оздору жасаган "актерлор"менен оздору согушуудабы?
14.07.2021. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окендер да бар...
14.07.2021. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динди бекем кармап илим албасак ушундай жалганчыларга динден кабары жоктор кирип кетип атат а чыныгы дин ушундай турбайбы деп ошондуктан илим алалы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: