Өзбекстанда селдин кесепетинен 8 адам каза болду
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам коңшу Өзбекстандын Наманган облусунун Касансай шаарында сел жүрүп, анын кесепетинен 8 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 13:30 чамасында Касансай шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Касансай дарыясынын жээгинен ашып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен 8 жергиликтүү тургун каза болуп, 6 адам жаракат алган.
Учурда издөө иштери улантылууда.
12-июль күнү Кыргыз өлкөсүндө дагы 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адам табылган. Кечээ, 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.
Сел Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айылдарында жүрүп, эки айылдан биригип 8 адам көз жумган. Алсак, Ак-Жол айыл аймагынан бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир баланы сел алып кетсе, Жаңы-Жол айыл аймагында көчөдө ойноп жүргөн 6 жаштагы баланы сел агызып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jelezo

14.07.2021. 10:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орто Азия элдери жаратылышка терс мамиле жасап жатышат окшоп калды себеби жаратылыш элге эскертүү берип жатат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.