super.kg logo

"Ош-Бишкек эң кооз жолдордун бири". Блогер Илья Варламов жаратылыштын кооздугу үчүн Ош-Бишкек жолунун абалына кайыл болгонун жазды

 

Белгилүү орусиялык блогер Илья Варламов Инстаграм баракчасына Кыргыз өлкөсүнө болгон сапарындагы эмоциялары менен бөлүштү. Бул ирет ал Оштон Бишкекке бараткан жолдогу кооздукка суктанган.

"Азыр сиздер мүмкүн болбогон ырахат көрөсүздөр! Бүгүн эртең менен мен жагымсыз күнгө даярданып жаткам, анткени мен Оштон Бишкекке унаа менен барышым керек болчу! Бул 650 чакырымдай болгон татаал жол. Айдоочу ойлонуп 12–14 саат деп айтты. Жалпысынан алганда, мени эртеден кечке чейин Ош-Бишкек жолдорунда ары-бери силкинип жүрүү кубандырган жок.

Бирок 17 сааттык саякаттан кийин менде болгон кубанычты сөз менен жеткире албайм. Бул сезим кулагы укпаган адамга музыка эмне экендигин же "Единая Россияга" таза шайлоо эмне экендигин түшүндүргөндөй. Мүмкүн эмес. Менин сөзүмө ишенгиле, мен көп жерлерде болдум, бирок Ош-Бишкек жолу эң кооз жолдордун бири.

Жолдо мага бактылуу жана боорукер адамдар жолукту. Алар боз үйдө үй-бүлөлөрү менен чогуу жашап, уй, жылкы багып, куурдак жеп, кымыз ичишет. Бакыт үчүн дагы эмне керек? Таптакыр башка жашоо. Сиз баары бир түшүнбөйсүз. О, кандай сонун күн!", - деп жазып калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.07.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ош бишкек жолунда унаа айдаган кандай ырахат сагындымго чиркин россиядан качан кыргызстаныма барам и я
14.07.2021. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн туура дуйно жузундогу жерлер жетпейт Кыргызстаныма
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: