super.kg logo
  Саясат  

Ошто 5 партия кайталап шайлоо мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда

 

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышкан беш партия добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышты. Бул тууралуу "Улуу-Журт" партиясынын төрагасы Мирлан Орозбаев билдирди.

Айтымында, шайлоо босогосунан өтпөй калган "Улуу-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Келечек-Будущее", "Нур" саясий партиялары жана добуш берүү күнүнүн алдында катышуудан баш тарткан "Ынтымак" партиясы шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептешет.

"Шайлоолор көптөгөн мыйзам бузуулар менен өттү, ар бир партиянын далилдери бар. Өзүңүздөр деле социалдык тармактар аркылуу көрүп жаттыңыздар, кандай сатып алуулар болгонун. Биз бардык фактыларды чогултуп камсыздай алабыз.

Мыйзамды бузган партиялар "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Биздин Кыргызстан" партиялары 33 мандатты өздөрү алып коюшту", - деди Орозбаев.

Ош шаардык кеңешинде 45 мандат бар.

Ош шаардык кеңешине алдын ала жыйынтык боюнча төрт партия өттү алар:

"Ата-Журт Кыргызстан" - 38,73 пайыз;

"Биздин Кыргызстан" - 32,6 пайыз;

"Улуттар Биримдиги" - 15,35 пайыз;

"Бир Бол" - 8,57 пайыз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: