Каныбек Иманалиев: "Фракция лидерлери Канадага барып "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзөт"
Жогорку Кеңештин делегациясы жакында Канаданын Торонто шаарына барып "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Муну бизге парламент депутаты Каныбек Иманалиев билдирди. Айтымында, делегациянын курамына фракция лидерлери жана айрым депутаттар кирет. "18-19-ноябрда аталган өлкөдө бизнес-форум өтөт. Ага катышкандан кийин депутаттар Торонтого барып "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзүшөт. Азырынча жол каражатын төлөп берүү жагы чечиле элек",- деди Иманалиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

