Москва-Ысык-Көл багытындагы жаңы аба каттам ачылат
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту жайкы туристтик мезгилин утурлай, 15-июлда Москвадан алгачкы каттамды тосуп алат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан маалымдашты.Белгилүү болгондой, Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамы аптасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.
"Урматтуу жүргүнчүлөр, "Манас" эл аралык аэропорту авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок. Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат", - деп билдиришти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















