super.kg logo
  Саясат  

Камила Талиева: "Ооганстандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамды өз убагында жеткиришибиз керек"

 
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева 28-октябрда айрым министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери менен чогулуш өткөрдү. Анда Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүүнү уюштуруу маселеси каралды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чогулуштун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин вице-премьер жардам өз убагында жеткирилиши керектигин белгиледи. “Аба ырайы өзгөрүп жатат. Тоолуу аймактардын шартында бул кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Ар бир күн кымбат болгондуктан, гуманитардык жардамды өз убагында жеткиришибиз керек”,- деди Талиева. Азыркы учурда Ооганстандын Чоң жана Кичи Памиринде 1200гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: