Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан атышуу болду
Кечээ, 14-июлда Армения менен Азербайжандын чек арасында атышуу болуп, анын кесепетинен бир армян аскери каза болду. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ок атышуу түшкө жуук орун алган. Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү позицияларды жакшыртуу иштерин жүргүзүүгө аракет кылгандыгын билдирген.
"Армян тарап душманды ушул аракеттерди токтотууга чакыруу үчүн бир катар чараларды көргөн. Буга жооп кылып Азербайжан аскерлери армяндардын позицияларын бутага алышты", - деп билдирген Армениянын Коргоо министрлиги.
Ок атышуудан оор жаракат алгандар дагы бар экени айтылууда.
.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:25
2025-07-01

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
Apyn8793

15.07.2021. 01:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Лада седандар атышпагыла!
tsunse

15.07.2021. 01:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Хачапури
Gulina90

15.07.2021. 06:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тынччылык эле болсунда ар Бир Олкодо.Ортодо карапайым элге эле кыйын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.