super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: "Кайрат" - "Маккаби" (2:0). Гүлжигит Алыкуловдун алмашууда отурганы көпчүлүк кыргыз футбол сүйүүчүлөрүн нааразы кылды

 

Бүгүн, 14-июлда Чемпиондор Лигасынын квалификациялык турниринде "Кайрат" футболдук клубу өз үйүндө израилдик "Маккаби" клубун кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңип, кийинки тандоо туруна өттү.

Бул оюнга белгилүү кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов экинчи бөлүктө алмашууга чыкты. Көпчүлүк Кыргыз өлкөсүнүн футбол сүйүүчүлөрү буга нааразы болушууда. Алар Гүлжигит Алыкуловго башка футболдук клуб караштыра беришин жазып калтырышты.

"Гүлжигит, агентиңе айтып башка клуб изде. Сага мындай алмашууда отурган жарашпайт. Жаңы машыктыруучунун башка планы бар окшойт. Биз бардыгыбыз сенин күчтүү командаларга каршы кандай ойнооруңду билебиз";

Алыкуловго эмне себептен мүмкүнчүлүк бербей жатат?;

Гүлжигит башка клуб караштыр, болбойт мындай;

Гүлжигит Алыкулов сенин талантың алмашууда отуруш эмес;

"Биз деле Гүлжигитти качан чыгарат деп күтүп калдык", - деп жазып калтырышууда интернет колдонуучулары.

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна 2020-жылдын январь айында өткөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
15.07.2021. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурунку тренери менен байланышып Германияга кетиши керек болуп калды окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: