super.kg logo
  Саясат  

Учкун Сакилов, Ысык-Көл облусунун тургуну: "Атамбаев бийликте турганда "Кумтөр" маселеси чечилбейт"

 

Бишкекте бүгүн, 29-октябрда өткөн маалымат жыйында Ысык-Көлдөгү "Кумтөр элдики" коомдук уюмунун төрагасы Сталбек Акеев "Кумтөр" боюнча 2003-2009-жылкы келишимдерди денонсациялоо зарыл экенин билдирди.

Ал эми Ысык-Көл облусунун тургуну Учкун Сакилов бийлик элден чындыкты жашырып жатат деген ойдо. "Караколдогу митингде Эмилбек Каптагаевдин барымтага алынышы -бийлик өзү жасаган иш. Саруулуктардын аны барымтага ала турган ою да жок болчу. Атамбаев бийликте турган учурда "Кумтөр" маселеси чечилбейт. Ошондуктан облус эли радикалдуу кадамдарга барууга даяр",- деди Сакилов.   

Эскерте кетсек, өткөн аптада Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду четке какты. Ал меморандумга ылайык, канадалык тарап менен биргелешкен ишкана түзүп, ишканадагы үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү жагы каралган эле. Бирок көпчүлүк депутаттар аны колдошкон жок. Өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткирүү тапшырмасы жүктөлүп, "Центерра" менен кайрадан сүйлөшүүгө 2 ай убакыт берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: