super.kg logo

"Талибан" кыймылынын кол салуусунун айынан 13 миллион ооган жараны жумушсуз калды

 

"Талибан" кыймылынын кол салуусунан улам Ооганстанда 260 жарандык объект бузулуп, 13 миллион жараны жумушсуз калды. Бул тууралуу Ооганстандын Административдик реформа жана мамлекеттик кызматтар боюнча комиссиясына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы менен Ооган өкмөтүнүн ортосундагы тирешүүдөн 50 миң мамлекеттик кызматкер жумушсуз калып, жалпы 112 долбоор жаңжалдан улам токтоп калган. Ошол эле учурда жаңжалдан улам жалпы 13 миллиондой Ооганстан жарандары жумушсуз калган.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: