super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: “Түз инвестиция тартуу үчүн Кыргызстанга 3 миллиард доллар керек”

 
Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүктүрүү программасына өтүү долбоорун талкуулап жаткан парламенттик уктурууда экономика министри Темир Сариев “Биздин экономика түз инвестицияга муктаж болууда. Ал үчүн Кыргызстанга 3 миллиард доллар керек” деп билдирди. Анын айтымында, программаны ишке ашыруу үчүн 783 миллиард сом керек болсо, мамлекеттик казынадан 212 миллиард сом, мамлекеттик инвестициялык программалардан 57 миллиард сом жана донорлордун эсебинен 147 миллиард сом бөлүнөрү пландалууда. Мындан сырткары өлкөдө бир нече чоң долбоорлор ишке кирсе, мамлекеттин экономикасын 2-3 эсеге көтөрсө болот деп кошумчалады министр. Программада “Манас” аэропортун эл аралык деңгээлге көтөрүү, Баткен, Ош жана Тамчыдагы аэропортторду оңдоо иштери жана жолдор боюнча бир катар долбоорлор каралган. Миграция маселесине токтолуп, өлкөдө 300 миң жумуш ордун түзүү каралганын айтты. “Жазында ГЭСтин жогорку Нарын каскадында 1800 адам бир смен менен иштеп баштаса, 3600 адам жумуш менен камсыз болот”,- деди Темир Сариев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: