Лондондо сүрөткө түшүп жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө чагылган тийип, күйүк алышты
Лондондо сүрөткө түшүп жаткан үч адамга чагылган тийип жаракат алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Окуя Лондондун түштүк-батышында болгон. Бир үй-бүлө мүчөлөрү Рэйчел, Изобель жана Эндрю Жобсон Британиянын борборуна Беркширден келишкен. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бак-дарактардын астында жаандын бүтүшүн күтүп, сүрөткө түшүүнү чечишкен. Ошол учурда аларга чагылган тийген. Натыйжада үчөө тең күйүк алып, ооруканага жаткырылган.
Буга чейин Индияда сүрөткө түшүп жаткан 11 адамга чагылган тийип каза болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:25
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.