АКШда баңгизаттын дозасын ашыкча колдонуп каза болгондордун саны рекорддук чекке жетти
Америка Кошмо Штаттарында коронавирус пандемиясы учурунда баңгизат каражаттарын ашыкча колдонуп каза болгон жарандардын саны рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 93 миңден ашуун америкалыктар 2020-жылы баңгизат каражаттарынын ашыкча дозасынан көз жумган. Ал эми быйыл өлүмдүн көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга жогорулаган. 2019-жылы баңгизаттын таасиринен улам каза болгондордун саны 73 миңден ашкан эмес.
Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдүн көбөйүшүн баңгизаттардын мыйзамсыз өндүрүлүшүнүн кеңейиши менен байланыштырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.