super.kg logo
  Саясат  

Министр Алиясбек Алымкулов жумушсуздардын саны кыскарбай жатканы үчүн депутаттардан сын укту

 

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, учурда Кыргызстанда 212 миң жумушсуз жаран бар. Бул көрсөткүч жалпы калктын 8,5 пайызын түзөрү жана 7 миң жумушсуз жаранга ай сайын 350 сомдон жөлөк пул бериле турганы айтылды.

Ал эми депутат Дамира Ниязалиева министрдин ишин сынга алып, жумушсуздуктун саны кыскарбай жатканын айтты. "Биз жумушсуз жарандарга билим берүү тууралуу бир жолу да сөз кыла элекпиз. Өлкө жарандары чет өлкөгө чыгып бала багуучу же үй кызматкери болуп иштеп жатышат. Алардын кайсы бир кесип боюнча билими болсо өзүн-өзү багуусуна жакшы шарт түзүлмөк",- деди министр.

Айта кетсек, аталган комитетте бүгүн, 29-октябрда "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" КРнын мыйзам долбоору талкууланып, соңунда кайра иштеп чыгууга жиберди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: