super.kg logo

Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

 
Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен улуттар уюмунун жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет менен баарлашты. Бул боюнча Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымына караганда, жолугушуу видео байланыш форматында болуп өттү. Анда Кыргыз өлкөсү менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
"Кыргыз өлкөсү БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалай тургандыгын жана аны менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өзгөчө маани беребиз. Бул контекстте БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсенин өлкөдө ишке ашырган программалары менен долбоорлорунун актуалдуулугу белгиленди. Жогорку комиссар Мишель Бачелетке эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактап, буга чейин кол коюлган бардык келишимдер так аткарылып, Кыргыз өлкөсү адам укуктары жаатындагы иш-аракеттерин илгерилетүүгө жана коргоого багытталган тынымсыз ишин уланта берет.
Өз кезегинде Жогорку комиссар Мишель Бачелет жемиштүү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсүндөгү адам укуктарын камсыз кылуу жана коргоо жаатында өлкөнүн алдында турган маселелерди чечүү максатында кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: