super.kg logo

Орусиянын Химки шаарынын аймагында 4 Кыргыз жараны бычакталды

 

Орусиянын Москва облусунун Химки шаарынын аймагында 4 Кыргыз жараны бычактан жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"10-июлда социалдык тармактарда анын ичинде WhatsApp аркылуу чыр-чатактын катышуучулары ооруканага "Тез жардам" унаасында бычактан алган жаракаттары менен жеткирилип жаткандыгын билдирген фото жана видео материалдарды таратышкан.

9-июлдан 10-июлга караган түнү Москва облусунун Химки шаарында “Блок Пост” бильярд клубунда эки топтун ортосунда болгон пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып, анын кесепетинен белгисиз адамдар тарабынан 4 Кыргыз жараны бычактан жаракат алган. Бул жарандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Долгопрудный №1 борбор шаардык ооруканасына "Тез жардам" бригадасы тарабынан жеткирилген. Андан кийин аларга амбулатордук дарылануу дайындалган.

Бул факты боюнча Москва облусунун Химки шаарынын аймактык полиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде жогоруда факты боюнча 15-июлда полиция кызматкерлери 2 жаранды кармашып, алар күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышкан. Учурда кармалган адамдар менен жабырлануучулардын катышуусунда бардык зарыл болгон процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
16.07.2021. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дагы бычакталды деп ойлопмун.Бычактаган жарандар кармалды десенер туура болмок
16.07.2021. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тажиктер бычагына ишенет. Дух жок.Ошон үчүн тажиктер менен чырдашканда аралыкта сактап өздөрүнө жараша куралдарды колдонуу керек.Алар өз күчүнө ишенишпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: