super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": "Ийгилик". Бүгүн Японияга алгачкылардан болуп суучул Денис Петрашов учуп кетет

 

Бүгүн, 17-июлда Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргыз курамасынан алгачкылардан болуп суучул Денис Петрашов учуп кетет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Денис Петрашов машыктыруучусу Евгений Петрашов менен Түркиядан түз эле Токиого учушат. Ал эми 19-июль күнү өлкөдөн Каныкей Кубанычбекова менен Роман Петров машыктыруучулары менен Японияга учушат.

Олимпиадага катышчу балбандардын алгачкылары Токиого 27-июль күнү учуп кетишет.

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышат. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев, Нурсултан Кеңешбеков.

Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.07.2021. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Фамилиясын парашутов деп окуп алыпмын) ийгилик
17.07.2021. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнеге 16? 17 лицензия алдык дебеди беле?
17.07.2021. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Qwer007, Саламатсызбы? Жалпы 18 спортчу бармак. Жеңил атлетчи Юлия Андреева катышуудан баш тартса Мария Коробицкаянын жолдомо уткан турниринин жыйынтыгы таанылган эмес. Жыйынтыгында 16 спортчу Олимпиадага катышат.
Азат Бейшенбеков түзөттү 2021-07-17 12:54:43
17.07.2021. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азат Бейшенбеков, неге баш тартты? Кененирээк маалымат беринизчи
17.07.2021. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртеерек учуп кетпесе, спортсмендерибизге кундон кунго азайып барататко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: