Токтогулда Одиссей менен Уаз сүзүшүп бир адам каза болду
Кечээ, 16-июль күнү кечинде Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"16-июль күнү саат 20:44 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Токтогул району, Көчкүлү-Булак тилкеси) Хонда Одиссей жана Уаз үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 1 аял каза болуп, (аты-жөнү такталууда) 9 адам ар кандай жаракат алышкан. Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгондун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Ал эми жабыркаган жарандар "Тез жардам" унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы орто деп бааланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Адыраңдап айдаган таксисттерди жолго чыгарбаш керек. Каршы тилке менен өзүнүн тилкесинин айрымасы жок айдаган айдоочуларды башына чаап таксиден чыгарыг керек.