super.kg logo
  Саясат  

Орусия: Москвадагы №1076-мектепте 91 кыргыз окуучу билим алууда

 

Москва шаарынын Гольяново районундагы орто мектептерде окуучулардын жарымынан көбүн мигранттардын балдары түзүүдө. Муну орусиялык маалымат булактары тийиштүү адамдарга шилтеме берүү аркылуу жарыялады. Райондогу №1076-мектепте окуучулардын жарымынан көбү мигранттардын балдары. Алдыда Кыргызстан (91 окуучу), Тажикстан (91), Азербайжан (31), Өзбекстан (27).  

Мамлекеттик Думанын депутаты Алексей Журавлевдин айтымында, учурда Москва шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептерде атайын "Орус тили мектеби" түзүлүп, анда мигранттардын балдары орус тилин үйрөнүп жатышат. "Орус тилин бат өздөштүрүүсү үчүн мигранттарды адаптациялоо системин ишке киргизүү керек",- дейт. Ал мектептерде балдар бир жылдай окуп, андан кийин жашына жана деңгээлине жараша класстарга киргизилет.  

Москва шаарында учурда 30 миңдей эмгек мигранттарынын балдары окуп жатканы айтылды.   

  

Айта кетсек, жакында Мамлекеттик Думанын депутаттары Алексей Журавлев менен Сергей Жигарев мигранттарга тийиштүү мыйзам долбоор сунушташты. Долбоордо ата-энелери жергиликтүү салыктарды төлөбөсө, мигрант балдарды бала бакчага жана мектепке кабыл алууга тыюу салуу жагы каралган. 

 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: