super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте кармашып урушуу боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды

 

25-27-октябрь күндөрү Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде кармашып урушуу боюнча (рукопашный бой) Кыргызстандын чемпиондугу болуп өттү. Аталган өлкө чемпиондугу милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана кызмат учурунда каза тапкан милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналды. Мелдешке 30 командадан 215 спортчу катышты. Жыйынтыгында эркектер арасында Туратбек Сулайманкул уулу, Исабек Жуматаев, Кыяз Бакыт уулу, Авазбек Аманбеков, Эсентур Анарбеков, Нурбек Жаңыбаев, Азамат Табылдиев, Бакыт Кутманов, Ордонбек Мааметов жана Иван Винярский аттуу спортчулар жеңүүчү аталышты. Ал эми кыздар арасында Шахриза Халилова, Назира Алымбекова, Нурзат Бактыяр кызы жана Бегимжан Касымова 1-орунду ээледи. Эске салсак, аталган мелдеште мыкты аталган спортчулар 15-18-ноябрь күндөрү Нальчик шаарында өтүүчү мелдешке катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: