super.kg logo

"Талибан" кыймылынан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздар Ооганстанга кайтарылды

 

17-18-июлда "Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандын басылмалары УКМКнын Чек ара кызматына таянуу менен жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, алар Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Вахон районундагы Андемин айылынан 13-14-июлда Тажикстанга качып келишкен.

"Тажикстандын аймагына өткөн 345 этникалык кыргыздардын арасынан 91и эркек, 77си аял жана 177си жашы жете электер (64 бала, 113ү кыз болгон). Алар Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон районундагы Андемин айылынын тургундары болгон. Чек араны кесип өтүүдө эки наристе каза болгон.

Качкындар 4 миң малы менен транспорт каражаттары аркылуу артка кайтарылды. Алардын коопсуздугу үчүн Ооганстан өкмөтү кепилдик алган.

Качкындар Бириккен улуттар уюмунун конвециясына ылайык, Тажик тараптан убактылуу баш калкалоочу жайында керектүү кийим-кече, медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болушту", - деп жазылат коңшу өлкөнүн басылмаларында.

Мындан сырткары калган ооганстандык качкындар чек арага буга чейин келишкен. Тагыраагы, алардын саны 1000ден ашык. Ошондой эле алардын көпчүлүгү аскерлер болгон. Учурда баары Ооганстандын аймагына кайтарылганы айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин министрлер кабинети Кыргыз өлкөсү этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр экенин баса белгилеген.

"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандан Тажикстанга качып өткөн этникалык кыргыздардын саны 300дөн ашык экендиги маалымдалган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.07.2021. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Кыргыздарды Талиптер Кордошу мункун Афган бийлиги менен суйлошуп Баардыгын Кыргызстанга Алып келиш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: