super.kg logo

Ооганстанда дагы бир район "Талибан" кыймылынан тазаланды

 

Ооганстан "Талибан" кыймылынан дагы бир районун кайтарып алды. Бул жөнүндө чет элдик басылмаларда расмий маалыматтарга таянуу менен жазышууда.

Маалымтта жазылгандай, Кабул шаарынын 70 чакырым алыстыктагы Парван провинциясынын Сурки Парса району толук кандуу "Талибан" кыймылынан тазаланды.

Буга чейин Ооганстандын Ички иштер министрлиги Парван провинциясындагы Шекх Али району дагы көзөмөлгө алынганы, 136 "Талибан" кыймылынын мүчөлөрү каза болуп, 81и жаракат алганын маалымдаган.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

Буга чейин "Талибан" кыймылы менен Ооган өкмөтүнүн ортосундагы тирешүүдөн 50 миң мамлекеттик кызматкер жумушсуз калып, жалпы 112 долбоор жаңжалдан улам токтоп калган. Ошол эле учурда жаңжалдан улам жалпы 13 миллиондой Ооганстан жарандары жумушсуз калганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: