"Биринчи айым менен чогуу". Садыр Жапаров көл жээгинде эс алуучулар менен жолугуп, суроолоруна жооп берди




Бүгүн, 19-июлда президент Садыр Жапаров жубайы менен бирге Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда жүргөнүн SUPER.KG порталына ошол жакта эс алып жүргөндөрдүн бири билдирди.
Анда ал кум жээктеги эс алуучулар менен жолугуп, алардын бир катар суроолоруна жооп берген. Эс алуучулардын бири электр энергиясы тууралуу суроо бергенде Бишкек, Ош шаарларындагы электр жылуулук системасын колдонгондорго чектөө киргизелерин, ал эми тоолуу аймактарга эч кандай чектөө болбой турганын, 0,77 тыйындан гана колдонушарын билдирген.
Буга чейин өлкө башчы көлдүн жээгине барып, ал жакта эс алып жаткандар менен сүрөткө түшүп жаткан видеосу тараган.
Садыр Жапаров көл жээгинде эс алуучулар менен жолукту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.