super.kg logo

Путин АКШга "Талибан" кыймылына тыңчылык кылууда Кыргыз өлкөсүндөгү жана Тажикстандагы аскердик базаларын колдонууну сунуш кылды

 

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ армиясын Ооганстандагы кырдаал жөнүндө, анын ичинде чек ара аркылуу жайгаштырылган учкучсуз учактардын жардамы менен маалымат чогултуу үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү жана Тажикстандагы Орусиянын базаларын колдонууга чакырды. Бул тууралуу ал Женева шаарында Жо Байден менен болгон жолугушууда айтканы чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын 6000 жоокери бар эң ири чет өлкөдөгү базасы Тажикстанда жайгашкан. Ошондой эле дагы бир чакан базасы Кыргыз өлкөсүндө. Ал Ооганстандын чек арасынан 800 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул эки мурунку советтик республика тең Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөсү.

Путиндин бул сунушуна АКШ бийлиги жооп бере электиги жана Кремль да бул тууралуу комментарий бере электиги айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, АКШ 11-сентябрга чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө камынып жатат. Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн "Талибан" кыймылы ээлеп алды. Бул кыймыл Ооганстандын 85 пайыз аймагына ээлик кылып жаткандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
20.07.2021. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жоок бизди аралаштырбайле койсунчу ошол Путин ушунун аркасынан адашкан октор бизге да келбесин тынчтык еле болсун
20.07.2021. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Талибанды рф менен акш өздөрү түзгөнда, эми калп эле өлүмүштөнө беришет...
20.07.2021. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздеги базасын колдоно турган болсо базасын алып чыгып кетишсин ушуну талап кылышыбыз керек! Биздин жерде ар дайым тынчтык болушу керек
20.07.2021. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан алар Кыргызстанды аткылашсын а! Тапкан экен келесоолорду!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: