super.kg logo

Макгрегорду туурап Шевченконун көңүлүн бурган Ислам. Апасы жана машыктыруучусу жаш спортчунун мүнөзүн айтып берди

 

Социалдык тармактарда кичинекей спортчу Ислам Токтобаевдин атаандашын жеңген соң Конор Макгрегорду туурап басып бара жаткан видеосу тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып, ал тургай атактуу спортчулардын көңүлүн бурдуруп интернет жылдызына айланган.

Биз Исламдын машыктыруучусу Азизилло Мусаев жана апасы Динара Тууганбаева менен байланашып, Исламдын ийгиликтери жөнүндө билдик.

"Балаңдын ийгилиги бир башкача болот экен" деген Динара Тууганбаева уулу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Ислам 5 баламдын төртүнчүсү. Мүнөзү башка бир туугандарына салыштырмалуу оор, бат таарынат, бирок тез унутат. Өжөрлүгү бар. Спортко кызыкканын биз деле колдодук, сүйүндүк. Кээде агайына таарынып барбай калат, кайра өзү жазылып жөнөп калат. Биринчи жеңишке жетип келгенинде толкунданып, аябай башкача болгом. Балаңдын ийгилиги бир башкача болот экен да. Үйгө батпай эле эшикке кирип, чыгып калгам. Мектепте да жакшы окучу, спортко баш-оту менен кирип кеткенден бери бир аз начарлап калды. Бирок окуйм десе окуйт. Мурда чоңойгондо милиция болом дечү эле, эми агайыма окшош агай болом деп калат", - дейт Тууганбаева.

Ал эми машыктыруучу Азизилло Мусаев машыгууга башында 10 бала келип, аягында экөө гана калганын жана алардын бири Ислам Токтобаев экенин айтып, интернетке тарап жаткан видеонун дагы чоо-жайына токтолду.

"Мен мурда Бишкекте балдарды машыктырып жүрчүмүн. Өткөн жылы пандемия башталганда айылда апамды карап, жанында болоюн деп келгем. Бир тууган инимди машыктырып жүргөм. Ислам, дагы 10 чакты бала болуп ойноп жүрүп көрүп калышчу. Кийин келип таанышып, машыккыңар келеби десем "ооба" дешти. Ошентип башында 10 бала келген азыр алардын ичинен 2 эле бала калды. Алардын бири Ислам. Абдан өжөр анан чапчаң бала. Интернетте тарап жаткан видео Ысык-Көл районунда өткөн спорттун кулатуу түрү боюнча мелдеште тартылган. Ислам 12 жашта, салмагы 25 килограмм. Ал мелдеште 34 килограмм салмактагы атаандашын жеңип алды. Мен Исламга ишенем жана колдойм. Бир жыл ичинде эле ушундай жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат. Буюрса, келечекте дүйнө чемпиону болот деген ишеним бар", - дейт Мусаев.

Исламды интернет жылдызына айланткан видеону UFC чемпиону Валентина Шевченко дагы өз баракчасына жүктөп, кичинекей спортчуга ийгиликтерди каалаган.


кошулду





Валентина Шевченко кыргыз баланы куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(2)
20.07.2021. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Юфс, сма, жеф баары адамдарды жырткыч кылуучу Еврейлердин ойлоп тапкан ыплас оюну. Элестетсеңер, эки мусулман бир-бирин кан жалатып атат. Мындай ыплас оюндардан баш тартып, күрөш менен эле машыккан жакшы...
20.07.2021. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бектурган,туура күрөш жүздо ошолор жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: