Түркия Республикасынын 90 жылдыгына карата бүгүн, 29-октябрда Стамбулда Европа менен Азияны туташтырган Мармарай тоннелинин ачылышы болот
Узундугу 13 чакырым 600 метрди түзгөн Мармарай темир жол тоннелинин бүгүнкү, 29-октябрда өтө турган ачылыш салтанаты Түркия Республикасынын 90 жылдык мааракесине дал келип отурат. Аталган тоннель Стамбулдун Европа менен Азия бөлүгүн туташтырат жана дүйнөдөгү эң терең суу алдында салынган тоннель болуп саналат. Анткени ал Босфор кысыгынын алдында, 55 метр тереңдикте салынган. Күнүнө 1,5 миллион жүргүнчүнү ташууга ыңгайлашкан. Долбоордун жалпы суммасы - 3,3 миллиард евро. Тоннель 2004-жылы курулуп баштаган. Тоннелдин Европа жээгиндеги кире бериш оозу Казлычешмеде, ал эми Азиядагы кире бериш оозу Айрылыкчешмеде жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
4

