Францияда алгачкы жолу адамга жасалма жүрөк салынды
Франциялык "Кармат" компаниясы алгачкылардан болуп адамга жасалма жүрөк салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматына караганда, "Эсон" деп аталган бренд менен чыгарылган жасалма жүрөк Неаполь шаарында италиялык бейтапка салынган. Операциянын бардык чыгымын (150 миң евро) облустук саламаттыкты сактоо кызматы каржылаган.
Ал эми Европада бул операцияга 2020-жылдын декабрь айында эле уруксат берилген. "Эсон" жасалма жүрөгү буга чейин клиникалык изилдөөлөрдөн тышкары колдонулган эмес. Ошондой эле бул компания ачылгандан, тагыраагы 2008-жылдан берки алгачкы чоң жаңылык экендигин компаниянын маалымат кызматы жазып калтырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
4

Эч ким эч качан адам баласын өлбөй турган кыла албайт.