360 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди. Дагы 1 миллион 150 миңден ашуун вакцина бар
Бүгүн, 20-июлга карата өлкө боюнча жалпы 367 миң 119 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Мындай статистикалык маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук саламаттык борборуна жаряланды.Андагы маалыматка ылайык, эмдөө алгандардын ичинен 268 миң 892 жаран биринчи дозаны алса, 97 миң 778и эки жолку вакцинаны алышты. Бүгүнкү күндө республикада 1 миллион 152 миң 881 дозадагы вакцина калды деп көрсөтүлөт маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Эмдөөгө Синофарм жана Спутник V вакциналары колдонулууда. Ал эми 11-июлда коронавируска каршы массалык эмдөө старт алып, Синофарм вакцинасы колдонулуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
15:01
2025-11-20
14:56
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















