super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020" жайкы Олимпиадасына эркин күрөш боюнча чыга турган Айпери Медет кызы жөнүндө айтып беребиз

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиадасы 23-июль күнү старт алат. 2 күндөн кийин баштала турган ири спорттук иш-чарада кыргыздын намысын 16 спортчу коргойт. Спортчулардын дээрлик көбү килем үстүнө чыга турган балбандар экени көпчүлүккө маалым. Сиздерди Айпери Медет кызы менен тааныштырабыз.

Аты-жөнү: Айпери Медет кызы;

Туулган жылы: 1999-жыл 30-март;

Спорттун түрү: Эркин күрөш;

Салмак чени: 77 килограмм;

Машыктыруучусу: Нурбек Изабеков;

Үй-бүлөдө: Беш бир туугандын үчүнчүсү.

Айпери Медет кызы Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Медет Мамырбаев 1966-жылы туулган, дыйкан чарбасы менен алектенет. Апасы Салтанат Осмонова 1970-жылы туулган, орус тил сабагынан мугалим.

Спорттук жетишкендиктери:

2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль;
2017-жылы Финляндияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль;
2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында коло медаль;

2019-жылы Будапешт шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль;

2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль;

2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда күмүш медаль.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: