super.kg logo

Москвадагы массалык мушташ. Полиция эмгек мигранттарын текшерүүгө алат

 

Москвадагы мигранттардын массалык мушташынан кийин борбор калаанын полициясы күн сайын Борбор Азия өлкөлөрүнүн ондогон жарандарын каттоого алууда. Москванын ар бир районунда күнүнө 10 адамдан кармалууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Чуулгандуу окуядан кийин Москванын полициясы бардык эмгек мигранттарын текшерүүнү чечкен.

"Эми патрулдук же райондук милиция кызматкери Борбор Азиядан келген конокторду каттоодон өткөрүп турушат. Аларды сүрөткө тартып, манжа издерин алып, маалымат базасына киргизет", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөн ашуун мигрант массалык мушташ уюштурушканы маалымдалган.

Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.

Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.07.2021. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бир адамдын айынан канчалаган бейкүнөө мекендештер азап чегип атышат
21.07.2021. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Тоска экен да, документ жокто. Кыскыла десем эле жаман коруп, боктоп эле жатып каласынар. 2 проститутканын айынан баары азап чегишет эми. Сен жумушка баратасынбы же шашып кетип баратасынбы бияктын менттерин кызыктырбайт в итоге убактынды алышат и кечигесин.
21.07.2021. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ээх шору куруган кыргызым. оз жерибизде башаламандык менен,кыйкырык ызы чуу менен журуп.жаман уйронгонбуз го. башка жерге келгенде андай нерселерди колдонбосок жакшы эле.тартиби жок кыздарды тыябыз деп патриот болумуш болбой эле койсок болотэле бироонун жеринде. аларды тыя деле албайсын.эми силердин айынардан канчалаган адамдар азап тартууда.андай эле патриот болсонор Кыргызстандагы сойкуларды неге тыйбайсынар. Кузминкидеги видеону корсон. малдан айырмасы жок ызы чуу болуп журосунор
21.07.2021. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эх 1,2 эссиз адамдын айынан канчалаган адамдардын алтындан артык убактысы урдалды.
21.07.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тортта чычкак ушунча кыргыздын ырыскысына чычты
24.07.2021. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жерде тынч журуш керек чон атандын жайлоосунда жургонсубой.канча адам уй булосун таштап акча деп иштеп журот канча кыргыздын шору эми текшерсе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: