super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Баткендин Газ айылындагы көптөгөн тургундардын эгиндерин шагыл басып калды" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен районунун тургуну кайрылып, катуу жааган жаандан улам Газ айылында сел жүрүп, кайра оңдолгон жолдорду сел каптаганын билдирди.

"Баткен районуна караштуу Кышгут айыл өкмөтүнүн Газ, Согмент айылдарында 19-20-июлда тынбай жааган жаандын кесепетинен сел катуу жүрүп, араң оңдогон жолдорду, көпүрөлөрдү алып кетти.

Буга чейин 6-июль күнү сел каптап, үйлөрдү, короолорду каптаган. Жолдорду бузган, ошолорду араң оңдоп бүтүргөндө кайрадан сел каптап кетти.

Болжолдуу 15 турак жайга сел кирди. Көптөгөн тургундардын эгиндерин шагыл басып калды", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Баткендин Газ, Согмент айылдарында жолдорду, көпүрөлөрдү сел каптады.

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: