super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнүн желегин Олимпиадада биринчи жолу кыз көтөрүп чыгат

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиадасына Кыргыз өлкөсүнүн желегин биринчи жолу кыз көтөрүп чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Атабек Азизбеков Токио шаарына кеч учуп баргандыгына байланыштуу Каныкей Кубанычбекова Кыргыз өлкөсүнүн желегин "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде 23-июлда көтөрүп чыгат. Ал "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында ок атуу боюнча мелдештерге катышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн желегин Атабек Азизбеков көтөрүп бара тургандыгы айтылган.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбеков Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасынын капитаны болуп дайындалган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүнүн желегин тапшырган. Олимпиададагы күрөш боюнча мелдеш 1-августта башталат. Кыргыз өлкөсүнүн күрөш боюнча улуттук курама командасы 28-июлда Японияга учуп кетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.07.2021. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздары кыйын кыргыздын.Ырым болсун, Айсулуу алтын менен кайтсын, алга кыргыздын кыздары!
21.07.2021. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошонуда мактанып...
21.07.2021. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар кыргызымдын сулуу, келбеттуу кыздары. Дайыма мунозунор курч, ак жаал, эр журок болгула. Кыргыздын желегин сулуу кыздарыбыз желбиретип жатканы озгочо бир символика. Бул идеяны ким ойлоп тапса да мин мертебе ага алкыш. Таттуу жана сүйкүмдүү, чыныгы сулуу жана ийгиликтүү кыздарыбызды куттуктайм! Сиздер алдыга койгон максаттарыңды так көрүп, кыялдарыңды тайманбастык менен жана ишенимдүү жолуктуруп ийгиликке жеткиле.
21.07.2021. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayzhan12, башка кыргыз эркек балдар бара элек Токиого ошону учун кыз которуп чыгат. азыр Токиодо эки орус бала анан ушул кыз эле бар .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: