super.kg logo

Орусия Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен аймактарына заставаларды курууга жардам берерин айтты

 

Орусия Тажикстандын Ооганстан менен болгон чек арасына коргонуу заставаларын курууга кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

"Бул жардам эки тараптуу жана жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Тажик-Ооган чек арасын бекемдөө чечимин ишке ашыруунун алкагында көрсөтүлүп жатат", - деди Андрей Руденко. Ошондой эле Орусия Тажик өлкөсүнө көмөк көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлери ортосунда тирешүү күч алууда.

Америка Кошмо Штаттары өз аскерлерин Ооганстандын аймагынан чыгарып кеткен соң жергиликтүү бийлик талибдердин чабуулуна кабылган. Тирешүүдөн улам Ооганстандын бир топ райондору согушкерлердин колуна өтүп, айрым Ооган жоокерлери Тажикстанга качып өтүүгө аргасыз болгону да маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: