super.kg logo

Япониянын мурдагы өкмөт башчысы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуудан баш тартты

 

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ Токиодогу Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуудан баш тартты. Ага жогорку даражалуу конок катары чакыруу кагазы тапшырылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Мурдагы япон өкмөтүнүн башчысы жана Олимпиаданын уюштуруу комитетинин кеңешчиси мындай чечимди Токиодогу коронавирустун жайылышына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режиминен улам кабыл алган. Өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу Олимпиаданын ачылыш аземи өлкөнүн катардагы тургундары үчүн жеткиликтүү эмес.

Япониянын жарандары cалтанатка катыша албагандыктан, Абэ дагы салтанатка катышуу мүмкүн эмес деп эсептеген.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан ал бир жылга жылдырылган. Оюндар 23-июлдан 8-августка чейин уланат. Уюштуруучулар Олимпиаданы чет элдик күйөрмандарсыз өткөрүү чечимин кабыл алышты жана жергиликтүү көрүүчүлөргө дагы чектөөлөр болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: