Ысык-Көлдө Үмүт Токтогул кызы 17-июлдан бери дайынсыз болууда
Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында Үмүт Токтогул кызы 17-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу келиндин жакындары билдиришти.Учурда Токтогул кызы Үмүттүн жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165 сантиметр, өңү кара тору, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Жоолукчан, кызыл түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим.
Дайынсыз болуп жаткан Токтогул кызы Үмүт тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерге жакындары кабарлап коюуңуздарды суранат.
Байланыш телефону: 0709 55 54 01.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















